Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат. Операция 10-11-июнда жасалат

Ден соолук 0

Бишкек, 10.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат. Операция 10-11-июнда жасалат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2 бейтаптын боору алмаштырылат. Боорду трансплантациялоону жергиликтүү дарыгерлер жасашат. Алар Түркияда боор трансплантациялоо боюнча окуудан өтүп келишкен. Операция учурунда түрк адистери көмөктөшөт. Буга чейин анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобунун келери айтылган эле.

Операцияны утурлай 4-июнда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары боорду алмаштыруу боюнча медициналык мекеменин даярдыгы менен таанышып, операция жасала турган бейтаптар менен жолугушкан.

“Учурда алты бейтап жана алардын донорлору алдын ала даярдыктан өтүп, операцияны күтүп жатышат. Операция Бишкек мамлекеттик Кыргыз-түрк достугунун ооруканасында жасалат. Операция жасоо үчүн керектүү жабдыктар бар, түркиялык дарыгерлер жетишпеген жабдууларды өздөрү менен кошо алып келишет", - деп билдирген Алымкадыр Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, 30-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Инөнү университетине барып, боор алмаштыруу боюнча операциялардын бирине катышкан болчу. Анда министр Түркия тарап менен Кыргызстанда боор алмаштыруу операцияларын жасоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эле.

Эске салсак, өлкөдө былтыр бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Андан бери он чакты бейтапка операция жасалды. Кезекте 110 бейтап турат.

Пикир

Оставить комментарий