• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте кан донорлоруна азык-түлүк берилет

Ден соолук 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. 2017-жылдын 10-июнунда “ГУМ Чынар” соода борборунда 11:00-14:00дө Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнө арналган акция өтөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш чара КР ССМ караштуу Республикалык Кан борбору тарабынан КР Кызыл жарым ай коому, «Клуб 25 Кыргызстан» ыктыярчы тобу менен биргеликте уюштурулган.

Маалыматтык бөлүгүнөн тышкары кыргыз эстрада артисттеринин катышуусунда концерт берилет. Бардык донорлорго азык-түлүк берилет.

2017-жылы жыл сайын өтүүчү акциянын темасы өзгөчө кырдаалдарда кан берүүгө арналып, “Кан тапшыргыла. Азыр тапшыргыла" чакырыгынын алдында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий