• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлигине беш тез жардам унаасы тапшырылды. Ар биринин наркы $26 миң

Ден соолук 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигине беш тез жардам унаасы тапшырылды. Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, автоунааларды «Ильшат» коомдук фонду алып берген, бүгүн, 4-августта аларды тапшыруу аземи өттү.

Республиканын саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүп берүү үчүн багытталган тез жардам унаалары керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган.

«Төрт автоунаа министрликке бүгүн тапшырылды. Ал эми бир тез жардам унаасы буга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Аталган фонддун өкүлү Тилек Жээнбековдун айтымында, ар бир автоунаанын наркы 26 миң АКШ долларын түзөт», - деп айтылат министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Саламаттык сактоо министринин орун басар Мадамин Каратаев фонддун жетекчилигине министрликтин атынан ыраазычылык билдирген.

«Тапшырылган тез жардам унааларынын экөөсүн Бишкек шаарындагы №3 шаардык клиникалык тез жардам балдар ооруканасына, экөөсүн болсо Ош шаарындагы облустар аралык балдар ооруканасына тапшырууну туура көрүп жатабыз», - деп билдирди Каратаев.

Пикир

Оставить комментарий