• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри Улуттук хирургия борборуна барды

Ден соолук 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборуна барды.

Министрликтен билдиришкендей, Бейшеналиев сапарынын алкагында академик Мамбет Мамакеев менен жолугушуп, боор хирургиясы бөлүмүндөгү боорду трансплантациялоого даярдык иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

«Адамдын органдарын трансплантациялоого адистештирилген саламаттык сактоо мекемелеринде уруксат берилет. Улуттук хирургия борбору бардык талаптарга жооп берген тиешелүү операциялык бөлмөлөрү бар үчүнчү дэңгээлдеги саламаттык сактоо уюму болуп саналат. Бул жерде тажрыйбалуу адистер да иштешет. Ошондуктан биз боорду алмаштыруу операциясын жүргүзүү үчүн ушул медициналык мекемени тандап алдык», - деп белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий