• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бала бакчалардын 4,5 миң тарбиячысы окутуудан өтөт

Билим 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргызстандагы салтуу бала бакчалардын 4500дөн ашуун тарбиячысын окутуучу машыктыруучулар үчүн тренингдер башталды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Ош жана Бишкек шаарларында жүрүп жаткан окутуунун биринчи этабы 5 күнгө созулат.

“Мектепке чейинки билим берүү педагогдорунун кесипкөйлүгүн жакшыртуу” деп аталган тренинг Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында өтүп жатат.

Даярдалган адистер тарбиячылардан сырткары, бакча жетекчилерин, педагогикалык багыттагы орто, жогорку окуу жайлардын окутуучуларын, облустук усулчулар борборлорунун, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчуларын, мугалимдерди өнүктүрүүчү облустук институттардын жана Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу институтунун кызматкерлерин окутат.

Бул окутуу модулу бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк мектепке чейинки билим берүү илиминин жана практикасынын жаңы жетишкендиктерин эске алуу менен инновациялык билим берүүчү программалык курс катары иштелип чыккан (72 саат.) Программа өзүнө төмөндөгү темаларды камтыйт:

  • Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап тенденциялары;
  • Мектепке чейинки билим берүүнү жөнгө салуучу укуктук-нормативдик документтер;
  • Эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү;
  • Бала бакчада билим берүү процессин уюштурууга карата заманбап талаптар;
  • Чоңдор жана балдар үчүн коопсуз чөйрө;
  • Мектепке чейинки билим берүүдөгү инновациялык билим берүү технологиялары ж.б.

Белгилей кетсек, бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча көп багыттарды камтыган, системдүү окутуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий