• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Британиянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

Министр Догдуркүл Кендирбаева элчи Николас Боулерге бүгүнкү кездешүү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтык абдан жемиштүү жана узак мөөнөттүү болоруна ишеним артарын белгиледи.

Ошондой эле министр Кендирбаева Улуу Британиянын билим берүү министринен май айында өтүүчү иш-чарага катышуу үчүн чакыруу алганын, учурда Кембридж университетинин окуу китептерин алуу иштери боюнча айтып берди.

Элчи Николас Боулер билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жогорку окуу жайлардын жана мектептердин STEM предметтери боюнча мугалимдерин англис тили боюнча окутуу демилгесин колдой тургандыгын айтып, медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерин дагы англис тилине окутууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий