• 89.12
  • 95.1
  • 0.95

Чүй облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 28-февралда саат 19:15те орун алып, очогу Предтеченка айылынан 2 чакырым түштүктө, Кара-Балта шаарынан 22 чакырым түндүк чыгышта, Бишкек шаарынан 45 чакырым түндүк батышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсүү Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка, Сретенка, Кош-Дөбө жана Петровка айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий