Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 1,7%ды түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдын январь-февраль айларында өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу керектөө бааларынын өсүшү 1,7%ды түздү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, ошол эле учурда азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 1,8%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына 4,4%га, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 1,1%га, башка азык-түлүк товарларга баалар - 1,1% өскөн.

Ал керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүүсү республиканын бардык аймактарында байкалганын белгиледи. Бирок, баанын эң жогорку 2,6% өсүүсү Нарын облусунда белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий