• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 5,4%ды түздү

Экономика 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 5,4 пайызды түздү.

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 10,6 пайызга, азык - түлүк эмес товарларга – 4,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 3,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер - 7,9 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (7,0 пайыз) Ысык-Көл облусунда катталды.

Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-октябрында 13,4 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 6,4 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 25,2 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 1,8 пайызга көбөйгөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-октябрында 4,2 млрд долларды түздү жана 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 13,7 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,8 пайыз) жана Казакстанга (26,4 пайыз) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий