• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин төмөндөшү белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөшү белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Алсак, 2024-жылдын август айында өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөшү Кыргызстанда (0,3 пайызга) жана Беларуста (0,1 пайызга), ал эми калган ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө жогорулашы байкалган.

2024-жылдын августунда 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу инфляциянын эң жогорку деңгээли (5,3 пайызга) Россияда жана Казахстанда белгиленди, ал азык-түлүк эмес товарлардын баалары (5,0 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (9,1 пайызга) жогорулашы менен шартталган.

Пикир

Оставить комментарий