Кыргызстанда кесиптик лицейлерди санариптеширүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу жана министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Codify компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун катышуучулары 100 кесиптик лицейде окуучулардын сабакка катышуусун мониторингдөө жана жетишкендиктерин эсепке алуу үчүн Codify LMS системасын орнотуу долбоорун жана беш жылдык иш планын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий