• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда 8 млн баш майда жана ири мүйүздүү мал бар

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда расмий маалымат боюнча, 8 млн баш майда жана ири мүйүздүү мал бар. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кыргызленд" экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан негизинен картошка, сарымсак, пияз, ошондой эле майда жана ири мүйүздүү (бодо) мал экспорттойт.

"Кыргызстан Өзбекстанга 2019-жылдын күз айынан 2020-жылдын аягына чейин 3% майда жана 2% ири мүйүздүү малды экспорттогон. Бүгүнкү күнгө расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 6 млн баш майда мүйүздүү мал, расмий эмес маалымат боюнча 9 млн баш бар. Ал эми ири мүйүздүү мал 2 млн башты түзөт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий