• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстанда койдун жүнүнөн органикалык жер семирткичтер өндүрүлө баштады

Экономика 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда уяң жүндүү кой жүнүнөн органикалык жер семитркичтер жасала баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Мал чарба ветеринария жана жайыт бөлүмүнүн башчысы Элвира Мамбетова “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, биз буга чейин уяң жүндүү койдун жүнүн кездемелерге, сувенирлерге жана башка буюм жасоодо колдонуп келгенбиз, ал эми койдун кылкандуу жана катуу керексиз болгон жүнүн ыргытып келсек, эми аны жер семирткич багытында колдонолу деп чечтик.

"Учурда Нарын жана Ак-Суу райондорунда уяң койдун жүнүнөн органикалык жер семитркичтерди өндүргөн эки цех ачылды. Бул цехтер өз ишин жаңыдан баштап жатат. Азыркы учурда алар жер семирткичти өндүрүүчү технологияларды иштеп чыгышууда. Ак-Суудагы чакан ишканада азыркы учурда Кытайдан атайын жабдуулар алып келинип, кой жүнүнөн органикалык жер семирткичтерин чыгарууга даярданууда. Ал эми Нарындагы жер семирткичти өндүүрүчү ишкана толук түрдө ишин баштап, “Агро Экспо” көргөзмөсүндө биринчи жолу продукцияларын 50 сомдун тегерегинде сата алды”,-деди Мамбетова.

Пикир

Оставить комментарий