• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда коронавирустан дагы 17 адам айыкты. Жалпы 726

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 17 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 10, Баткен облусунан - 4, Нарын облусунан - 1, Жалал-Абад облусунан - 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 726 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, учурда карата коронавируска чалдыккандардын дээрлик 70 пайызы айыкты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 7 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1044 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий