• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Штаб: Кыргызстанга учуп келгендерден анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт

COVID - 19 0

Бишкек, 09.08.20. /Кабар/. Кыргызстанга чет жерден учуп келген жарандардан ПЦР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аларга анкета толтурулуп, мобилдик тиркеме көчүрүлөт жана үйүнө жиберилет. Вирус өлкө ичинде көбөйүп, ал эми сырттан келген жарандарда катталган учурлар аз болуп жаткандыгына байланыштуу, алар үчүн алгоритм өзгөргөн.

Эгерде учуп келген жарандарда курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоонун белгилери пайда болсо, жашаган жерине караган медициналык борбордун дарыгерлерине кайрылуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий