Бишкек, 19.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы 70 адам (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкекте 35 бейтап, Ошто – 2, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 8 жана Баткен облусунда 4 киши каза болгон.
Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) каза болгондордун саны 1003кө жетти.
Пикир
Оставить комментарий