• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн жылдын март айынан тарта 1 миң 650 бала COVID-19 менен ооруган

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан азыркы күнгө чейин COVID-19 илдети менен ооруган 1 650 бала катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эне жана балдарды коргоо борборунун директору Гүлзат Маймерова брифинг учурунда билдирди.

“Балдар чоңдор сыяктуу эле коронавирус инфекциясын жуктурушат, бирок статистика боюнча алардын арасында оору аз. Балдар COVID-19ду жеңил өткөрүшөт, алардын арасында симптомсуз жана оорунун жашырын формаларын алып жүрүүчүлөр бар. Мындай балдар ачык симптомдору менен ооруган чоңдорго караганда инфекцияны алып жүрүүчү болуп калышат”, - деди ал.

Маймерова белгилегендей, 2020-жылдын жаз айларында 0,8-2% оорулуу балдар катталса, азыркы учурда оорулуулардын 11-14%ын түзөт.

Ооруп жаткан жаш балдардын стационардагы саны төмөнкүдөй:

Бишкекте – 573;
Чүй облусу – 267;
Ош облусу – 262;
Ысык-Көл облусу – 135;
Жалал-Абад облусу – 114;
Ош шаарында – 109;
Нарын облусу – 98;
Баткен облусу – 73;
Талас облусу – 19.

Бейтаптардын жаш курагы боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:

1 жашка чейин – 263 (16%);
1 жаштан 4 жашка чейин – 512 (31%);
5 жаштан 15 жашка чейин – 685 (41,5%);
16 жаштан 18 жашка чейин – 190 (11,5%).

Пикир

Оставить комментарий