Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 60 млн сомдон ашык салык түштү

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 60 млн сомдон ашык салык түштү. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Муртазаева билдирди.

Анын айтымында, 2 казино жана 2 букмекердик кеңселерге лицензия берүүдө 200 млн сомдон ашуун салык түштү.

"Ошентип, казинолор лицензия үчүн бюджетке 84 млн сом, ал эми букмекердик кеңселер 42 млн сом төлөштү", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий