• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ала качууга каршы: Кыргызстанда биринчи жолу «Кыздар-апалар» аттуу конкурстар жүрүүдө

Коом 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. 10-марттан 30-мартка чейин Баткен, Ош, Талас, Ысык-Көл областарынын 16 айылдарында "Кыздар-апалар" аттуу конкурстар жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандагы "БУУнун Аялдар" түзүмүнүн коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Мериза Эмилбекова билдирди.

Конкурстун максаттары: жаш кыздарды мажбурлап турмушка берүүнүн алдын алуу максатында апа менен кыздын ортосундагы мамилени жакшыртуу. Кыздар оюн түрүндө ала качууга дуушар болбоо үчүн өзүн кантип алып турууга, эми кызды ала качып кетсе, ал эмне кылуу керектигин үйрөнүшөт.

16 айылдын ар биринде 14-17 жаш курактагы кыздар жана алардын апалары катыша алышат. Сынакка чыгармачылыкты жакшы көргөн, таланттуу, өздөрүнө ишенген, коомчулукка жакшы өзгөрүүлөрдү киргизүүгө даяр болгон талапкерлер тандалышат.

Конкурс бир нече турдан турат, алардын ичинде гендердик зомбулукка тиешелүү темасындагы тапшырмалар да болот, мисалы, «Кырдаалдан чыгуу» конкурсунда «Ала качуунун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?», «Ала качкан учурда кыз эмне кылыш керек?», «Ала-качканда жигиттин үйүндө эмне кылуу керек?» аттуу темаларында чакан сценкалар аркылуу катышуучуларга туура жолдору көрсөтүлөт.

Кырдаалдарды сахнадан көрсөтүүдө белгиленген бир учурда аракеттер токтотулуп, кыздар менен апаларга көрсөтүлгөн кырдаалдан чыгуу жолдорун сунуштоого мүмкүнчүлүк берилет. Кийинки конкурс көрүүчүлөр менен катышуучулардын жашы жете элек кыздарды никеге мажбурлоо жана ала качууга байланыштуу мыйзамдар жөнүндө билимдерин бышыктайт.

«Ала качуу – бул биздин коомчулукка болгон кылмыш. Бул сексуалдык, гендердик жана үй бүлөлүк зордук-зомбулук кыздардын коопсуздугуна, эркиндигине, тандоосуна, физикалык кол тийбестигине болгон негизги укуктарын бузууда. Мажбурлап турмушка берүү коомчулукка көп мөөнөттүү терс таасирин тийгизет, аял менен эркектин, кыз менен баланын, ата-эне менен балдардын ортосундагы ишенимдүү мамилени бузат. Биздин долбоор кыздарга болгон зордук-зомбулуктарды актоочу социалдык нормаларды жок кылууга багытталган», - дейт Нургүл Асылбекова, Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий