• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ноорузду майрамдоо. Бишкекте айрым көчөлөр үч күнгө жабылат

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бишкекте 19-марттан 21-мартка чейин Ала-Тоо аянтында Ноорузду майрамдоого байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу КаМилициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Бул күндөрү төмөнкү жолдор убактылуу жабык болот:

  • Чүй проспектиси — Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;
  • Раззаков көчөсү — Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Орозбеков көчөсү — Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жол кыймылынын катышуучулары абалга түшүнүү менен мамиле кылат деп үмүттөнөт.

Пикир

Оставить комментарий