• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сак болуңуз! ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу тууралуу эскертти

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу бар экендигин эскертти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-19-март күндөрү абанын температурасы жогорулайт. Ага байланыштуу Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий