• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин 34%ы жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 34%ы жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүп жатат. Учурда республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн – 152,4 миң га, башкача айтканда, 34,7%ы жыйналды.

Республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү - 29,2 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 12,5 центнерге көп. Жалпы дүң түшүмү бункердик салмак менен алганда 444,8 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу – 175 миң тоннага көп топтолду.

Буудай жыйноо иштери 73,2 миң га аянтта жүргүзүлүп, жыйналуучу аянтка карата, же 30,4 % жыйналды. Орточо түшүмдүүлүгү – 31,3 ц/га болуп, былтыркы жылга караганда 11,2 ц/га көп. Түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Баткен облустарында 34,5-35,3 ц/га болууда.

Ал эми арпа республика боюнча 79,2 миң га аянтта жыйналып, башкача айтканда жалпы аянттын 32,8 % түзүп, өткөн жылга салыштырганда 2,0 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк - 27,2 ц/га түзүп, өткөн жылдан 13,7 ц/га көп. Дүң түшүм – 215,5 миң тонна топтолуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 104,2 миң тоннага көп болду.

Арпанын эң жакшы түшүмдүүлүгү Чүй жана Талас облустарында катталып, гектарынан 28,2 центнерден алынууда.

Ошондой эле учурда республиканын аймагында жашылча-бахча өсүмдүктөрү жана картошка жыйноо иштери да кызуу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий