• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайлык инвесторлор КРга тамеки заводун ачууга кызыктар экенин билдиришти

Экономика 0

Бишкек, 7-апрель /Кабар/. 2017-жылы 5-апрелде КРнын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу М.Тентимишов “Тяньхэ” корпорациясынын президенти Оу Синлин менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдугу билдирди.

Жолугушууда тараптар тамеки тармагына жана ГЭС курууга инвестиция жумшоо маселесин талкуулашты.

Оу Синлин Кыргызстанга тамеки өндүрүү боюнча завод ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Башкы консул Кыргызстандын Өкмөтү жеке кытай инвестициясын кубаттай турганын белгиледи. “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тамеки чыгарылбайт, бары чет жактан импорттолот, ушуга байланыштуу завод ачуу актуалдуу болуп саналат”,-деп кошумчалады М.Тентимишов.

Ошондой эле, тараптар гидроэнергетика чөйрөсүндө кызматташууну, андан тышкары салык төлөө, өндүрүлгөн энергияны сатып алуу жана башкалар жаатында КР Өкмөтү тарабынан чет элдик инвесторлорго көрсөтүлүүчү жеңилдетилген шарттарды талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында “ЕАЭБ мейкиндигинде жибек жолунун экономикалык алкагы" атту эл аралык экономикалык форумга катышуу, тамеки тармагын жана ГЭС курууну инвестициялоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн үстүбүздөгү жылы 23-26-апрелде президент Оу Синлин башында турган корпорациянын делегациясынын КРга сапарын уюштуруу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий