• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда “Кылымдардын үнү” республикалык комузчулардын кароо-сынагы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда “Кылымдардын үнү” республикалык комузчулардын кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Акжол Доранбек уулу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кароо-сынак 20-августтан 7-сентябрга чейин созулат. Аталган кароо-сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана комузчу Самара Токтакунованын 80 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.

“Жалпысынан сынак эки баскыч менен өтөт. Биринчи этабы аймактарда уюштурулат. Анда жаш курактарына жараша ар бир облустан эки катышуучу тандалып алынат. 14 жаштан 25 жашка чейинки таланттар 1-категорияга, экинчисине – 25 жаштан 45 жашка чейинки комузчулар кирет. Сынакка катыша турган комузчулар Карамолдо Орозов, Токтогул Сатылганов, Атай Огомбаев, Ниязалы Борош уулу, Асанбек Кыдырназаров сыяктуу мыкты комузчу-күүчүлөрдүн чыгармаларын черте алышы керек”, - деди ал.

Ал эми кароо-сынактын экинчи баскычы 6-7-сентябрь күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Анда финалга чыккан комузчулардын арасынан жеңүүчүлөр аныкталып, сынак гала-концерт менен жыйынтыкталат. Сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Мурат Арт” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулуп жатат. Аталган коомдук фонддун вице-президенти Анара Султангазиева кароо-сынактын алкагында мастер-класстар да өтөрүн айтты.

“8-сентябрда Бишкек менен Чүйдө мастер-класстар башталат. Анда СССРдин эл артисти Самара Токтакунова комузда ойноо чеберчилиги тууралуу ой-пикир, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Каалоочулар “Дордой-Плаза” соода борборуна келип мастер-класска катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Мастер-класстарды облус жана шаарларда да өткөрүүнү пландап жатабыз. Нарын облусунда 12-августта, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 13-августта болот. Ал эми Ош шаарында - 15-август, Жалал-Абадда -16-август, Таласта 19-августта өтөт”, - деп белгиледи Анара Султангазиева.

Уюштуруучулар белгилешкендей, “Кылымдардын үнү” республикалык комузчулардын кароо-сынагы элет ичиндеги элдик таланттарды аныктоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий