• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда Кытай инспекциясы жана сертификациялоо тобунун филиалы ачылат

Экономика 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министрлигинде министринин орун басары Назарбек Малаев Кытай инспекциясы жана сертификациялоо тобунун Алматы шаарындагы (Казакстан) өкүлчүлүгүнүн директору Сюй Вэньсянь менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда Кытай инспекциясы жана сертификациялоо тобунун филиалын ачуу маселесин талкуулашты.

Министрдин орун басары министрлик өлкө аймагында жүгүртүлүп жаткан продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн олуттуу аракеттер көрүлүп жатканын, бул республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн да маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КРде филиал ачуу боюнча аракеттердин алгоритмин иштеп чыгууну чечишти.

Белгиленгендей, аталган филиалдын ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара соода көрсөткүчтөрүн жогорулатууга түрткү берет, компетенттүү мамлекеттик органдар жана ишканалар ортосундагы кызматташтык чөйрөсүн кеңейтет.

Маалымат үчүн: Кытай инспекциясы жана сертификациялоо тобу — 1980-жылы негизделген, инспекция, экспертиза, сертификаттоо жана сыноо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү сертификаттоо жана инспекция боюнча үчүнчү тараптын көз карандысыз уюму болуп саналат. Кардарлардын арасында нефтехимия, химия, тоо-кен, айыл чарба, өнөр жай, эл керектөөчү товарларды өндүрүү, тамак-аш, автомобиль, курулуш, логистика, чекене соода жана башка негизги тармактар сыяктуу ишканалар, уюмдар, өкмөттөр жана жеке адамдар бар. Учурда 300гө жакын бөлүм, 200 лаборатория, 16000ден ашык кызматкер бар.

Пикир

Оставить комментарий