• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кумтөр ачык ыкма менен алтын казууну улантууда – Алмазбек Барыктабасов

Экономика 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын президенти Алмазбек Барыктабасов 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын жамааты менен жолугуп, келечекке карай пландары менен бөлүштү.

Ал белгилегендей, геологиялык чалгындоонун маалыматы боюнча перспективалар бар, кендин жакшы кору болжолдонууда. "Биз 2031-жылдан кийин ачык жол менен алтын казууну улантууну пландап жатабыз", - деп билдирди компаниянын жетекчиси.

Жолугушуу сууроо-жооп форматында өткөнү белгиленет.

Геологиялык чалгын бөлүмүнүн эксперти Тынчтыкбек Айдаркуловдун айтымында, бөлүм кыргыз тарапта өткөн кийин бекитилген 2 жылга карата планга ылайык, иш алып барууда,

"Быйыл экинчи жылдын планы аткарылып жатат, аны аткарсак, жыл аягына чейин жакшы көрсөткүчтөр менен чыгабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий