• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда өлкө боюнча мектептерде 929 мугалим жетишсиз

Билим 0

Бишкек, 06.02.22 /Кабар/. 2022-жылдын 15-январына карата республиканын мектептеринде 929 мугалим жетишсиз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эң көбү же 305 мугалим Чүй облусундагы мектептерде жетишсиз. Бишкек шаарында – 191, Баткен облусунда – 142, Ош облусунда – 112, Ысык-Көл облусунда – 78, Жалал-Абад облусунда – 60, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 12, Ош шаарында – 9 мугалим жетишсиз.

Ошондой эле Бишкек шаарында — 24 математика мугалими, Баткен облусунда — 37 музыка мугалими, Жалал-Абад облусунда — 16 орус тили мугалими, Нарын облусунда — 6 физика мугалими, Ош облусунда — 19 музыка мугалими, Чүй облусунда — 42 орус тили мугалими, Ысык-Көл облусунда — 14 орус тили мугалими жетишсиз.

Жалпысынан республика боюнча 123 орус тили мугалими, 99 математика мугалими, 94 англис тили мугалими, 91 музыка мугалими, 84 физика мугалими, 71 дене тарбия мугалими, 62 башталгыч класс мугалими, 49 химия мугалими, 48 информатика мугалими, 39 география мугалими, 33 эмгек мугалими, 30 биология мугалими, 30 тарых мугалими, 23 кыргыз тил мугалими, 20 сүрөт мугалими, 11 алгачкы аскердик даярдык мугалими керек.

Министрликтен белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 82 миңден ашуун мектеп мугалимдери бар. Кээ бир мектептерде мугалимдердин жетишсиздигин штаттык окутуучулар жана республиканын жогорку окуу жайларын жаңы бүтүргөндөр чечүүдө. Мисалы, 2021-2022-окуу жылынын башталышында өлкө боюнча мектептерде 2 миңден ашык мугалим жетишпей калган. Бул боштуктун көбүн 2021-жылы педагогика тармагында окуусун аяктаган жаш мугалимдер толтурду. Быйыл Кыргызстанда бюджеттик жана контракттык негизде билим алып жаткан ЖОЖдордун 4400дөн ашуун бүтүрүүчүсү мугалим болоору күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, бош орундардын саны күн сайын өзгөрүшү мүмкүн. Ошол себептүү министрликтин кадрлар бөлүмү айына бир жолу мугалимдердин жетишсиздиги тууралуу маалыматты тактап турат.

Пикир

Оставить комментарий