• 84.46
  • 93.22
  • 0.88

Статистика: Акыркы суткада 110 адамдан COVID-19 илдети табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 6-февралга карата коронавирус 110 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 56, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 341 адам илдеттен сакайып чыкты, 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 855 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 429 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 436 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 190 миң 709 киши айыгып чыкса, 2 миң 902 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий