Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров өлкөдө майыптыгы бар адамдардын санынын өсүшүнүн кооптуу динамикасын белгиледи. Бул тууралуу ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында өткөн майыптардын иштери боюнча кеңештин кезектеги жыйынында айтты.
Ведомстводон маалымдашкандай, кеңештин жыйынына министрлер кабинетинин астындагы майыптардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана эксперттик жамааттын өкүлдөрү катышты.
Жыйында өзгөчө кырдаалдарда майыптуулугу бар адамдардын укуктарын коргоо, республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин ишмердүүлүгү, майыптыгы жана өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жеткиликтүүлүгү, ошондой эле майып адамдардын ар кайсы чөйрөлөрдө укуктарын коргоо боюнча негизги маселелер каралды.
Эмгек министри өз сөзүндө майыптыгы бар адамдардын санынын өсүү тенденциясына тынчсызданып жатканын билдирди.
"Майыптуулугу бар адамдардын санынын өсүү динамикасы социалдык жана медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын төмөндөтүү тобокелчилигин жаратат. Каржы ресурстарынын чектелүү шартында, алардын даректүүлүгүн жакшыртуу менен катар реабилитация жана социалдык адаптация процесстерин өркүндөтүү аркылуу оптималдаштыруу зарыл", - деди Сабиров.
Бул багытта ал майыптыкка алып келген оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо чараларын күчөтүүгө чакырды.
Өз кезегинде эмгек министри майыптуулуктун негизги себептеринин бири болуп өндүрүштүк жаракаттарды атап, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча окуу программаларына тиешелүү алдын алуу чараларын киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле министр жумуш орундарын түзүү маселеси инклюзияны да камтышы керектигин айтты.
"БУУнун Конвенциясына ылайык, бардык жарандардын укуктары алардын физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан сакталышы керек. Бүгүн автобустар пандустар менен жабдылып, жолдор майыптар үчүн ыңгайлуу жабдуулар менен камсыз болушу маанилүү", — деп кошумчалады министр.
Министр жакында эле реабилитациялык борбордун кызмат алуучулары менен жолугушуу учурунда көпчүлүгү алыскы аймактардан келишерин белгиледи. Мисалы, Баткен облусунун Раззаков шаарынан 1500 чакырым аралыкты басып өтүшөт. Ушул себептен министр 27-декабрда министрлер кабинетинин жыйынында Ош жана Ысык-Көл облустарында эки заманбап реабилитациялык борбор ачуу маселесин көтөрүүнү пландап жатканын билдирди.
Толкунбек Исаков өз сөзүндө майыптыгы бар балдар үчүн билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, учурда адистештирилген мектепке чейинки мекемелерде Брайль шрифти боюнча окуткан тифло-педагогдор жок экенин айтты.
"Бул багытта жогорку окуу жайлардын деңгээлинде тифло-педагогдорду даярдоо маселесин чечүү керек, анткени бир да жогорку окуу жай бул адистик боюнча окутпайт", - деп баса белгиледи ал.
Пикир
Оставить комментарий