• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин майыптардын укуктарын коргоо жаатындагы ишине кыскача токтолуп, Кыргызстан 2019-жылы БУУнун Майыптардын укуктары боюнча конвенциясын ратификациялаганын эске салды. Депутат ошондой эле Жогорку Кеңеште Кыргызстанда Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн баса белгиледи.

ТӨМдүн милдеттеринде Инклюзивдик өнүгүүгө, майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер козголот. Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанда ТӨМдү ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытындагы жумушчу топтун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча демилгелүү топко кошулууга даяр экендигин билдирди.

БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча Атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалын баалоо үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, майыптыгы бар адамдар жана алардын кызыкчылыгын коргогон уюмдар, тиешелүү эл аралык агенттиктер жана донорлор менен бир катар жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатканын белгиледи. Ал 2025-жылы Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө Кыргызстанга болгон сапары тууралуу доклад сунуштай турганын билдирди.

Тараптар Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо, аларды белгиленген эл аралык нормаларга жана стандарттарга ылайык социалдык адаптациялоо маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий