• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 22,3 миңди түзөт

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 22 миң 300дү түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2025-жылдан баштап президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуудан өтүшөт.

“22 миң 300 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин квалификациясын жогорулатуу боюнча долбоор даярдалды. Бул иштер үчүн мамлекет тарабынан 108 млн сом бөлүнмөй болду”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий