Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда медицина кызматкерлерине онлайн окутуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
2020-жылы COVID-19 илдети жайылгандан тарта Кыргызстандын жети дубанындагы медицина кызматкерлерге онлайн жана офлайн семинарлар өз нугунда өткөрүлүп келе жатат.
Окутуулардын негизги максаты CОVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу, бейтаптарга медициналык жардамды туура көрсөтүү, жеке коргонуу каражаттарын туура колдонуу эрежелерин үйрөтүү. Бул иш-чаралар онлайн байланыш аркылуу ишке ашырууда.
Ошондой эле аймактарды кыдырып, жеринде семинарлар жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий