• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү каалагандарга жеңилдетилген насыя берилет

Билим 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн юридикалык жана жеке жактарга жеңилдетилген кредит берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя алууну каалагандар Билим берүү министрлигине арыз бере алышат, ошондой эле электрондук почтага жөнөтсө болот edu@mail.gov.kg.

Арыз төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • байланыш маалыматтарды, бала бакчанын жайгашкан жерин (дарегин) жана кредит алуунун максатын көрсөтүү менен министрдин атына арыз;
  • мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын форматын, долбоордук кубаттуулулугун, негизги каражаттарды, персоналын, балдардын болуу шарттарын жана башкалар чагылдырган бизнес-план;
  • мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, күтүлүшүнө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык имараттын долбоордук-сметалык документтеринин жана башка тиешелүү кошумча документтердин болушу.

Арыздарды кароодо артыкчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат:

  • калктын бала бакчанын кызматына болгон муктаждыгы. Бул жерде бала бакчанын жайгашкан жери, ал жерде жашаган мектепке чейинки курактагы балдардын саны, ошондой эле менчигинин түрүнө жана формасына карабастан башка бала бакчалардын болушу кеңири каралат;
  • заманбап талаптарга жооп берген балдар бакчасынын долбоорунун экологиялуулугу.

Кеңири маалымат алуу үчүн 663692, 0554347844 телефондору боюнча жана "Элдик Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ААКтарга кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий