• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда мобилдик телефондорду милдеттүү түрдө каттоо 15-августка жылдырылды

Коом 0


Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда мобилдик телефондорду милдеттүү түрдө каттоо 15-августка жылдырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, өлкө аймагына 25-июнга чейин алынып келген тастыктоочу документтери жок болгон мобилдик түзүлүштөрдү каттоо кийинкиге калтырылды. Ошондой эле милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттери тармактан ажыратылбай турган болду.

Жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен министрлер кабинетинин “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, түзүлүштөрдү каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерлерине жүктөлөт.

Пикир

Оставить комментарий