• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда мотожүрүш жана байк-фестивалы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда мотожүрүш жана байк-фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын мотоциклисттер коомунун президенти Аскат Сеитбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаралар мотоциклисттер коомунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдык мааракесине арналып уюштурулууда. Байк-фестивалына Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Россиядан жалпы жонунан 400дөн ашык мотоциклист катышат. Ал эми мотожүрүшкө 80 байкер аттанганы турат. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын басып өтө турган мотожүрүш эртең башталат. Ал эми байк-фестиваль 28-30-июнда Ысык-Көлдүн жээгиндеги Кара-Ой айылында болот.

“Мотожүрүштү жана байк-фестивалды уюштуруу менен биз туризмди колдоого жана өлкө имиджин жогорулатууга салымыбызды кошобуз деп ойлойм. Мотожүрүштүн катышуучулары үч облустун аймагы аркылуу өткөндүктөн, алар кооз жерлер, маданий жайлар, деги эле Кыргызстандын керемет жаратылышы менен таанышат. Ошондой эле кыргыз элинин меймандостугун даңазалаган улуттук тамак-аштардан даам сызышат”, - деди ал.

Кыргызстанда өтө турган иш-чараларга катышуу үчүн Россиянын мотокоомунун мүчөсү Алексей Спицын 2500 чакырымды 39 градуска чейинки ысыкта басып келгенин айтты.

“Жыл сайын уюштурулуучу иш-чарага быйыл да катышуу үчүн келдим. Томск шаарынан бери Кыргызстанга мотоцикл менен 4 күндө жеттим. Борбор Азия өлкөлөрүнүн башын бириктирген бул жолку мотожүрүш жана фестиваль биздин алакаларыбызды кеңейтүүгө жардам берет жана ийгиликтүү өтөт деп ишенем”, - дейт Алексей Спицын.

Пикир

Оставить комментарий