• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда окуучулар эми милдеттүү түрдө беткап тагындай эле койсо болот

COVID - 19 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын мектептеринде беткап тагынуу мындан ары милдеттүү түрдө болуп саналбайт. Мындай чечимди бүгүн, 3-мартта, COVID-19 боюнча Республикалык штаб кабыл алды.

Белгиленгендей, чечим коронавирус боюнча кырдаал салыштырмалуу турукташып калгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Жаңы эрежелер окуучуларга, ошондой эле билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тийиштүү. Ошону менен бирге колду тез-тезден жууп туруу жана дезинфекциялоо сыяктуу санитардык ченемдер сакталып калат.

Белгилей кетсек, 3-мартка карата өлкө боюнча коронавирус 20 адамдан аныкталса, 100 бейтап сакайып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 576 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 468 киши айыгып чыкса, 2 миң 960 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий