• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

Саламаттык сактоо уюмдарынын 377 кызматкерине кенемте төлөнүп берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 26-октябрына карата саламаттык сактоо уюмдарынын 377 кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку кенемте төлөндү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, көз жумган 27 медкызматкердин жакындарына 1 млн сомдон акчалай компенсация берилди.

"Учурда комиссиянын кароосуна саламаттык сактоо уюмдарынан 2 миңге жакын документ келип түшкөн. "Кызыл зонада" иштегендиги үчүн сентябрь айында 5241 медициналык кызматкер жалпы суммасы 71 миллион 671 миң 429 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм алышты", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий