• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Стационарларда даярдалган орундуктардын 39 пайызы бош турат – Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Стационарларда даярдалган орундуктардын 39 пайызы бош турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча COVID-19 жана эпидемиологиясы такталбаган пневмония менен ооругандарга стационардык жардам көрсөтүү үчүн 5 миң 6 койко-орун ишке киргизилген.

"Бул жалпы дайындалган орундардан 61 пайызын түзсө, орундуктардын 39 пайызы бош турат. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 8 миң 163 орун каралган. Министрлик күнүгө мониторинг жүргүзүп жатат жана зарылчылык болсо адистештирилген саламаттык сактоо уюмдары дагы тартылат. Кошумча койкалар 80 пайыздан ашык керебеттер толгон учурда ачылат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий