• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда Орозодо чогулган 57 млн сом битир-садака муктаждарга таратылууда

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда Орозо айында республика боюнча 57 млн 467 миң 895 сом битир-садака чогулду. Учурда каражаттар муктаждарга таратылууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында битир-садакалар боюнча отчёттук жыйын өткөрүлдү.

Муфтияттын башкы эсепчиси Толкунбек Жуманов маалымдагандай, 2024-жылы жалпы республика боюнча топтолгон битир-садака 57 млн 467 миң сомду түздү.

Анын 60%ы жергиликтүү мечиттерден, 30%ы райондук хатибияттар жана аймактык казыяттардан муктаждарга таратылып жатат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине 10 пайызы келип түштү.

Бул сумма атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен муктаж жарандарга жана жетим-жесирлерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий