• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан менен Германиянын парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Улан Примов кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин, алар өз ара урматтоо жана ишенимге негизделгенин белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап Жогорку Кеңештин жана Бундестагдын делегацияларынын иш сапарлары менен алмашууга даяр. Бул эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берет деп кошумчалап: «Германиялык парламентаризмдин тажрыйбасы Кыргызстандын мыйзам чыгаруу бутагын өнүктүрүү үчүн абдан пайдалуу болот», - деди Улан Примов.

Андан тышкары, Улан Примов Германия өкмөтүнө саламаттык сактоо, жашыл экономика жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. «Ошондой эле биз сиздин санариптик өнүгүү, социалдык саясат, айлана-чөйрөнү коргоо, шаарларды өнүктүрүү жана аларды Кыргызстанда мындан ары колдонуу боюнча тажрыйбаңызды үйрөнүүгө кызыкдарбыз», - деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде элчи Габриэла Геллил Улан Примовго жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия өкмөтү каржылаган социалдык долбоорлорду ишке ашырууда Жогорку Кеңештин өзгөчө ролун белгиледи. Ошону менен бирге эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара иш сапарлар парламенттер аралык алакаларды да, жалпы эле мамлекеттер аралык мамилелерди да чыңдоого жаңы түрткү берет деген ишенимин айтты.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жигердүү өнүктүрүүгө кеңейтүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий