• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Бош жумуш орундар, кесиптер жана гүл жарманкеси-2024" иш-чарасы өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара калаадагы «Мир» кинотеатрынын алдында 30-апрелде саат 10:00дө башталмакчы.

Жарманкеде шаар аймагында жайгашкан мекеме-ишканалардын бош жумуш орундары жана өндүрүлгөн продукциялары коюлат.

Иш-чара Жалал-Абад шаардык мэриясынын колдоосу менен Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү жана JIA Бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

.

Пикир

Оставить комментарий