• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң 710 сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын январь-май айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 710 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, өткөн 2023-жылга салыштырмалуу өсүү 11% түзгөн.

Ал белгилегендей, эмгек акынын жогорулашы дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казып алуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо, камсыздандыруу жана илимий ишмердүүлүктө байкалган.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын январь-апрель айларында республика боюнча орточо эмгек акы 34 миң 391 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий