• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Alibaba кыргызстандык ишкерлер үчүн өз платформасын кеңейтүүгө даяр

Экономика 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Дүйнөдөгү эң ири онлайн — Alibaba компаниясы кыргызстандык ишкерлер үчүн өз платформасын кеңейтүүгө даяр. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариевдин Алибабанын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтылды.

КР СӨПтүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында тараптар ортосундагы кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды. Алибаба кыргызстандык бизнесмендерге кошулуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен өзүнүн платформасын кеңейтүүгө даярдыгын билдирди. Буга акысыз окуу, Алибаба башкы кеңсесине баруу жана Дүйнөлүк банктан 10 пайыздык арзандатуу бонустары кирет. Бул үчүн Соода-өнөр жай палатасы потенциалдуу катышуучулардын тизмесин түзүп, аны компанияга жөнөтүүнү пландаштырууда.

Мындан тышкары, Алибаба Кыргызстандын өнүгүүсүнө активдүү салым кошууну пландап жатат. Компания өлкө аймагында өзүнүн өкүлчүлүгүн жана логистикалык борборун ачууга кызыкдар экендигин билдирди. Бул аймакта электрондук коммерцияны жана жеткирүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул келечектүү демилге Кыргызстан менен Алибабанын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоону, ошондой эле өз ара пайдалуу шарттарда бизнести жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү күтүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий