• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкек мэриясы 8,7 млн сомго социалдык унаа сатып алат

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти социалдык автоунаа сатып алууга сынак жарыялайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн жалпы суммасы 8 млн 725 миң сомго төрт унаа сатып алуу пландалууда.

Белгиленгендей, унаалар борбор калаанын төрт районуна бөлүштүрүлөт.

Мэрия сынак тууралуу кеңири маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий