Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 391 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, өткөн 2023-жылга салыштырмалуу өсүш 11,7%ды түздү.

Ал белгилегендей, айлык акынын өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк операциялар тармагында, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, пайдалуу кең байлыктарды казуу, андан тышкары транспорт жана жүктөрдү сактоо чөйрөсүндө байкалган.

Пикир

Оставить комментарий