• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Салык кызматы: Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорго дагы 4 компания кошулду

Экономика 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна эки жуманын ичинде 4 ири компания кошулган жана азыркы учурда алардын саны 17ни түздү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тактап айтканда, пилоттук долбоорго "Аман банк" ААК, "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК, "Кыргызалтын" ААК, “Куликовский Кондитер үйү” ЖЧК, "Кыргызаэронавигация" жана "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканалары, "Шоро" ЖАК, "Түндүк Электр" ААК, "5 канал" ЖЧК, "Сибирь Трейд" ЖЧК, "Форестер" ЖЧК, "Халык банк" ЖЧК, "Джунда" ЖЧК, "Темир Тулпар" ЖЧК, "Кыргызнефтепродукт" ЖАК, "Стелла групп" ЖЧК, "Аалам" ОКБ ЖЧК катышууда.

Ыктыярдуу негизде пилоттук долбоорго катышып жаткан кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр маалыматтык системанын иши менен алдын ала таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат жана зарыл болгон учурда аны жакшыртуу жана жеткире иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу.

Эскерте кетсек, электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык ишке киргизилген.

Пилоттук долбоор өткөрүлгөндөн кийин 2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жүктөлөт.

Мамлекеттик салык кызматы КНС төлөөчүлөрдү пилоттук долбоорго катышууга чакырат.

Белгилей кетсек, электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны колдонуу боюнча долбоор салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасынын компоненттеринин бири болуп саналат. Салык кызматы Мамлекеттик программалардын, анын ичинде программанын 2030-жылга чейин КРди туруктуу өнүктүрүү максаты программасынын алкагында, салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу долбоорунун бир катар башка компоненттерин киргизүүнүн үстүндө иштөөдө (АМСке күйүүчү майды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы, Виртуалдык ККМ, Товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо, "Жыйынды пост" АМС жана башка).

Пикир

Оставить комментарий