• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда орточо айлык акы дээрлик 26 миң сомду түздү — Статком

Экономика 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен орточо айлык акы 25 миң 711 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын январь-ноябрь айына салыштырмалуу өсүү 1,3 пайызды түздү.

Маданият, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, коргонуу, тоо-кен, курулуш жана транспорт тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы жогорулады.

Пикир

Оставить комментарий