• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарын облусунун башчысы Ат-Башыдагы өндүрүш ишканаларынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов Ат-Башы районундагы өндүрүш ишканаларынын абалы менен таанышып, ишкерлердин муктаждыктарын, ал-абалын сурады. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө облус жетекчиси Ак-Жар айылындагы “Ат-Башы кыш” ишканасынын, Ат-Башы айылындагы “Жанар жана Бек” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан этти кайра иштетүүчү ишкананын, ушул эле айылдагы “Ат-Башы сүт”, “Ак каймак”, Баш-Кайыңды айылындагы “Ат-Башы-Арашан” ишканаларынын, Калинин айылындагы асыл тукум уй фермасынын иши менен жеринде таанышты.

Ишкерлер менен жолугушууда Алтынбек Эргешов ишканалардын негизги каржылык көйгөйлөрүн угуп, жардам берилерин, каржы булактары бар экенин, февраль айына чейин өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлери менен бирге долбоорлорду даярдоолору зарылдыгын айтты.

Облус жетекчиси иш сапарында Ат-Башы районундагы мал базардын абалын көрдү. Базардын ээсине видео көзөмөл орнотуу, базардын кирүү-чыгуу эшиктерин өзүнчө кылып, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү керектигин милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий