• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда педагогикалык чеберчиликтин ресурстук борборлору түзүлөт

Билим 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 14-мартта “Педагогикалык чеберчиликтин ресурстук борборлорун уюштуруу жөнүндө” буйрукка кол койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буйрук алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жана инновациялык методологияларды жайылтуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана педагогикалык кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына 1-апрелден тартып өзүнүн базасында бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарынын эсебинен Педагогикалык чеберчиликтин ресурстук борборлорун түзүүгө укук берилет.

Кыргыз билим берүү академиясына эксперттерди жана жарандык чеберчиликтин өкүлдөрүн тартуу менен ресурстук борборлор жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий