• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда пенсионерлер дарыларды мамдарыканалардан 60-70% арзан сатып ала алат

Ден соолук 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда пенсионерлер дарыларды мамлекеттик дарыканалардан жеке дарыканаларга караганда 60-70% арзан сатып ала алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликте пенсионерлерге мамлекеттик дарыканалардан дары-дармек сатып алууда кошумча жеңилдиктерди киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

“Алар ишке ашырылгандан кийин пенсионерлер дарыларды жеке дарыканаларга караганда 60-70% арзан сатып ала алышат», - деди ал.

Эскерте кетсек, мамлекеттик дарыканаларда маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектин түрү бар, аларды калк жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып алат.

Пикир

Оставить комментарий